Жалал-Абадда 100 гектар жерге 40 миң түп көчөт отургузулууда

Аймак 2071 22 Март 2025 13:28
485789773_1051949703644422_3509683450155218093_n.jpg
485617287_1051949450311114_7975965896620630319_n (1).jpg
480597590_1051949516977774_5569659616966311381_n (1).jpg
480941297_1051949596977766_3610409217204001675_n (1).jpg
480972922_1051949550311104_8641997461262359979_n (1).jpg
484826270_1051949646977761_7646772897731539596_n.jpg
484827631_1051949560311103_633697549852241313_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 22.03.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Токой кызматы менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Барпы айылында көчөт отургузуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери катышты.

Бул иш-чара "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлүп, өлкө аймагында экологияны коргоо жана жашыл аймактарды көбөйтүү максатын көздөйт. Жалпысынан 100 гектар аянтка 40 миң көчөт, анын ичинде ийне жана жазы жалбырактуу дарактардын жети түрү отургузулат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана токой ресурстарын сактоо иштерин мындан ары да улантат.