Жалал-Абадда №1 поликлиниканын курулушу уланууда

Аймак 18 Март 2025 15:55
485003987_1155888976010150_8385823676744662259_n.jpg
484618632_1155888959343485_7314056952155040738_n.jpg
484666474_1155889042676810_5803179719326993571_n.jpg
484795493_1155888936010154_8001245833226431078_n.jpg
484804453_1155889012676813_422347533121367085_n.jpg
484842669_1155888982676816_6245153861933280635_n.jpg
485040785_1155889066010141_1823055176314664875_n.jpg
485307337_1155888992676815_4026703930242611307_n.jpg
485387518_1155889049343476_4313044460398303441_n.jpg
485412512_1155889076010140_566188083308192047_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №1 поликлиниканын курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, имараттын курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 156 млн сомду түзгөн.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3141 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат курулууда. Жаңы медициналык мекеме заманбап жабдуулар менен камсыздалып, шаар тургундарына ыңгайлуу шартта сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүгө багытталат.

Министрлик курулуш иштеринин жүрүшүнө жана аткарылган иштердин сапатына тыкыр көзөмөл жүргүзүүдө.

Учурда курулуш иштери 47%га аяктады.