Жалал-Абад облусунун кооптуу аймактарындагы жашоочулар көчүрүлөт — ӨКМ

Аймак Загрузка... 05 Февраль 2025 14:55
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Жалал-абад облусунун кооптуу аймактарындагы жашоочулары жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн коопсуз жайга көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ӨКМдин Жалал-Абад башкармалыгына караштуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жер көчкү жүрө турган аймактарда жашаган тургундарды алдын ала коопсуз тилкелерге көчүрүү үчүн эскертме баракчаларын таратып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Тактап айтканда, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү туругундарына кооптуулук боюнча маалыматтар берилип, тез арада көчүп чыгуу зарылчылыгы эскертилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында ар кандай мүнөздөгү 1 миң 20 кооптуу тилке бар.

Эске салсак, жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде жаан-чачын көп катталып, кардын эриши менен пайда болгон саркынды суулар жердин жаракаларына толуп, жер көчкүлөр активдеше баштайт.