Быйыл Жалал-Абад облусуна 130 миң даана "акылдуу" эсептегич орнотулат

Загрузка... 03 Февраль 2025 12:03
475784327_612695814688731_5151385740854124402_n.jpg
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. 2025-жылы Жалал-Абад облусунда 130 миң "акылдуу" эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Жалал-Абад электр тармактар ишканасындагы 8 миң "акылдуу" эсептегич Сузак, Базар -Коргон райондорунун жана Кара-Көл, Майлуу-Суу шаарларынын жашоочуларынын санына ылайык бөлүштүрүлүүдө.

Учурда аталган район-шаарларда энергетиктер акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен керектөөчүлөрдүн эсептегичтерди иштетүүсү боюнча түшүндүрүү иш- чаралары жолго коюлган.

Алсак, быйылкы жылы Базар -Коргон району боюнча 31 миң акылдуу эсептегич орнотулат. Учурда энергетиктер райондун Колот айылынан баштап 360 даана эсептегич орнотту.

Эске салсак, өткөн жылы Жалал-Абад шаары пилоттук программа катары ишке ашкан. Анда 25 миң 277 даана орнотулган. Мындай пландуу иш алып баруу электр энергиясын үнөмдөө менен бирге электр жабдуулардын иштен чыгышынан сактайт жана керектөөчүлөргө сапаттуу электр энергиясын жеткирет.