Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчилик каралат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайынбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал белгилегендей, бүгүн президент Садыр Жапаров “Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул мыйзам 2024-жылдын 19-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Эмне өзгөрдү?
Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизилди.
Айып пул өлчөмү:
-жеке жактарга – 200 эсептик көрсөткүч (20 000 сом);
-юридикалык жактарга – 650 эсептик көрсөткүч (65 000 сом);
Белгиленгендей, мыйзамдын негизинде укук бузуу фактыларын ички иштер органдары тергеп, ишти соттор карайт.
Эмне үчүн бул маанилүү?
Акыркы убакта адамдардын кадыр-баркын тебелөө, жалган маалымат таратуу жана мазактоо кеңири жайылып, интернет айдыңында жоопкерчиликсиз мамиле күчөп кеткен. Бул өзгөртүүлөр ар бир жарандын абийирин коргоого, маалыматтык коопсуздукту камсыздоого жана адеп-ахлакты сактоого багытталган.
"Ар бир адам интернетте дагы жоопкерчилик менен сүйлөп, башкалардын укугун сыйлоосу керек", - деп жазды ал.