Жакынкы күндөрү тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Коом 8 июнь 2026 15:25
Жакынкы күндөрү тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, өлкөдө 9-июндан 12-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

“Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн”, – деп айтылат маалыматта.