Жакында өлкөдө акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынат

Экономика Загрузка... 05 Февраль 2025 15:15
salyk-kyzmaty.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тарта акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн убактан тарта өлкө аймагында акциздик маркасы жок төмөнкү товарларды сатууга, сактоого жана ташууга тыюу салынат:

– түтүктүү тамеки, тартуучу, жыттоочу, кальяндык тамекилер (коду ТН ВЭД 2403).

– майлоочу майлар, башка майлар жана аларга кошундулар (коду ТН ВЭД 2710197100–2710199800, 3811210000).

Салык кызматы ишкерлерди 2025-жылдын 28-февралына чейин бул товарлардын маркаланбаган калдыктарын өз убагында маркалоого чакырат.

Эскерте кетсек, акциздик маркасы жок продукцияны жүгүрткөндөр үчүн 65 000 сом айып пул же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жоопкерчилиги каралган.

Эскерте кетсек, колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн "Salyk.kg" мобилдик тиркемесинде акциздик марканын мыйзамдуулугун жана аныктыгын текшерүү функциясы жеткиликтүү.