Жакында Кара-Көл постунда накталай эмес төлөм системасы ишке киргизилет

Коом Загрузка... 03 Февраль 2025
WhatsApp Image 2025-02-03 at 12.35.00.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Жакында Кара-Көл постунда накталай эмес төлөм системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Санариптик өнүктүрүү секторунун башчысы Улан Орозбеков билдирди.

Анын айтымында, эми айдоочулар посттон өткөнү жатканда QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана акча төлөй алышат. Учурда постко жабдууларды орнотуу иштери жүрүүдө.

“Бишкек – Ош унаа жолундагы туннелдерден автотранспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды алуу үчүн Сосновка жана Кара-Көл өткөрмө постторунда коррупциялык элементтерди жокко чыгаруучу накталай эмес түрдө акча төлөө системасын киргизүү мерчемделген. Бул система унаа каражатынын мамлекеттик каттоо номерин таануу менен төлөй турган акча каражатынын өлчөмүн эсептеп чыгат. Учурда бул система Сосновка постунда толук кандуу иштеп жатат. Эми ушундай эле иштер Кара-Көл постунда да жүзөгө ашырылмакчы. Бүгүнкү күндө постко тиешелүү жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Бир айдын ичинде айдоочулар акчаны накталай эмес түрдө төлөп баштайт”, - деди ал.