Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Бишкекте бул жумада аба ырайы ысык болот. Бирок синоптиктердин айтымында, жуманын аягында аба ырайы кескин өзгөрүп- күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт.
12-май (дүйшөмбү):
Күндүз абанын температурасы +27…+29°Cге чейин көтөрүлүп, ала булут каптап турат. Түнкүсүн +14…+16°C.
13-15-май (шейшемби-бейшемби):
Аба ырайы ачык жана ысык болот.
Күндүзгү температура: +30…+34°C.
Түнкүсүн: +15тен +18°Cге чейин.
16-17-май (жума-ишемби):
Күн ысып - термометрдин көрсөткүчү +35...+38°Cге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +17…+20° жылуу болот.
18-май (жекшемби):
Аба ырайы өзгөрүп, булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз 31…33°, түнкүсүн 20…22° жылуу болот.
19-май (дүйшөмбү):
Аба ырайы кескин начарлайт. Жамгыр жаап, күн күркүрөйт, абанын температурасы күндүз +26...+28°C, түнкүсүн +17...+19°C чейин төмөндөйт.
Метеорологдор аптанын ортосунда күндүз өтө жогорку температура күтүлүп, калктын аялуу катмарынын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Суу ичүү режимин сактоо жана күндүн нуруна көпкө жүрбөө сунушталат.