Өзгөн районунда жаңы бала бакчанын курулушу аяктады

Аймак 1730 25 Март 2025 17:15
486429894_1161100208822360_7353546063728945579_n.jpg
486129450_1161100242155690_5056415054493340110_n.jpg
486259661_1161100235489024_4587551540748703645_n.jpg
485799285_1161100112155703_1664556601873850222_n.jpg
485974336_1161100282155686_6629972300666854821_n.jpg
486280306_1161100325489015_5746854999645732640_n.jpg
485936022_1161100368822344_676224770040931181_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлигинин маалымат кызматы

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Тоолос айылында республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган жаңы бала бакчанын курулушу аяктады.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жаңы бала бакча 50 орунга ылайыкталган заманбап шартта эки кабаттан турат. Долбоорго ылайык, окуу, оюн ойноочу жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, гимнастика жана музыкалык залы каралган.

Мындан тышкары, балдардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүү үчүн медициналык кабинет да бар.

Ал эми, долбоордун тендердик баасы 26 млн сомдон ашык.

"Бул долбоорду ишке ашыруу мектепке чейнки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, балдардин ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жардам берет. Ошондой эле бул жаңы мекеме райондогу бала бакчалардын жүгүн азайтууга чоң салымын кошот",-деп айтылат маалыматта.