Өзгөндө 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Коом 15 сентябрь 2026 16:30
812102486_1067691462833048_4253224898102880090_n.jpg
810485478_2884556005255074_8754318179049312492_n.jpg
811665157_2331930580886413_7836635053737406308_n.jpg
810731076_1015757634852116_4665484844986414154_n.jpg
811405798_2485293721947972_64587733641194515_n.jpg
810594750_1602473638327910_1530544815276669746_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кеңеш айылында 275 орундуу И. Базаркулов атындагы мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземине агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, мугалимдер жана айыл тургундары катышты.

Догдуркүл Кендирбаева өлкөнүн өнүгүүсүндө билим берүүнүн жана мугалимдердин орду өзгөчө экенин белгиледи.

"Биз Кыргызстанды билимсиз өнүктүрө албайбыз. Ар бир бала — бизге, мектепке берилген аманат. Биз балдарга дүйнөлүк деңгээлде билим берүү, ошондой эле алардын үй-бүлөлүк, улуттук жана инсандык баалуулуктарын калыптандыруу үчүн чыгармачылык менен иштешибиз керек. Муну эске алуу менен мамлекет башчыбыздын колдоосу аркылуу мугалимдер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө. Биз сиздерден балага багытталган жаратман педагогикалык ишмердүүлүктү күтөбүз", — деди министр.

Мындан тышкары, Догдуркүл Кендирбаева жаңы мектепке интерактивдүү панель алуу үчүн сертификат тапшырды.