Өзгөчө кырдаалдар министри “Мадина” базарындагы өрттү өзү көзөмөлдөөдө — Кабар

Өзгөчө кырдаалдар министри “Мадина” базарындагы өрттү өзү көзөмөлдөөдө

Кырсык 30 август 2026 13:08
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун кызматкерлери менен биргеликте ”Мадина” базарындагы өрт чыккан жердеги абалга мониторинг жүргүзүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, өрт каптаган аймактын абалы учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен реалдуу убакыт режиминде абадан көзөмөлдөнүп жатат.

“Бул өрттүн жайылган көлөмүн жана аянтын ыкчам аныктоого, өрт очокторун табууга, ошондой эле чатырлардагы жана жетүүгө кыйын болгон жерлердеги абалга баа берүүгө мүмкүндүк түзөт”,- деп айтылат маалыматта.

Дрондордон алынган маалыматтар өрт өчүрүүчү-куткаруучу бөлүмдөрдүн аракеттерин координациялоого жана өрттү өчүрүү боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алууга пайдаланылууда.

Буга чейин аталган базарда өрт чыгып, алдын ала маалымат боюнча тилсиз жоо базардагы контейнерлерден тутанганы кабарланган. Өрттү өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, жабык контейнерлерди ачууга Куткаруу кызматынын кызматкерлери иш алып барууда. Ошондой эле жеринде ”Тазалык“ ишканасынын 3 суу ташуучу унаасы жана тез жардам кызматынын 3 бригадасы тартылган.