Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. 4-февралда Ташкентте Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү Өзбекстандагы эң ири ишкана «БОНАФ» ЖЧКсынын тоңдурулуп кургатылган продукцияларды чыгаруучу заводуна барды.
Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын алкагында өкүлдөр өндүрүштүн технологиялык процесси менен таанышып, заводдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Муну менен катар, Кыргызстандан тоңдурулган мөмө-жемиштерди, ошондой эле мөмөлөрдү жеткирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду.
Өз кезегинде «БОНАФ» ЖЧКсынын жетекчилиги узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга негиз боло ала турган кыргыз продукциясынын жогорку сапатын белгиледи.
Маалымат үчүн: Тоңдурулуп кургатылган азыктар – бул терең тоңдуруу процессинен өткөн, андан кийин вакуумда нымдуулук алынып салынган тамак-аш азыктары. Бул ыкма даамын, пайдалуу касиеттерин жана узак сактоо мөөнөтүн сактайт.