Өзбекстандын бардык аймактарында ооз ачар уюштурулду

Борбор Азия Загрузка... 26 Март 2025 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.03.25. /Кабар/. 25-март күнү Өзбекстандын бардык аймактарында ооз ачар уюштурулду. Бул иш-чарага өлкөнүн борбору Ташкентте президент Шавкат Мирзиёев катышты, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

Мааракеде президент өзбек элин жана жалпы мусулмандарды ыйык Рамазан айы менен дагы бир жолу куттуктады.

"Бул жарык айда биз элибиз менен бирге ифтар кылганыбызга кубанычтабыз жана бул үчүн ырайымдуу Аллахка чексиз ыраазыбыз", – деди ал.

Ташкентте уюштурулган ооз ачарга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана диний конфессиялардын лидерлери катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө дүйнөлүк кырдаалга да токтолуп, мусулман дүйнөсүндө көптөгөн жаңжалдар менен туруксуздуктун болуп жатканына өкүнүчүн билдирди. Учурдагы өсүп жаткан коркунучтардын шартында ислам уммасынын биримдиги жана тилектештиги мурункудан да маанилүү экенин белгиледи.

Президент ошондой эле жаштарды жат идеялардан коргоону, билим менен илимди алга жылдыруунун зарылдыгын айтты. Ал Бахоуддин Накшбандинин «Колуң эмгекте, жүрөгүң Аллахта болсун» деген сөздөрүн мисал келтирип, эмгекчилдик жана өзүн-өзү өнүктүрүү коомдун бакубаттуулугунун негизги шарты экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, "Рамазан – берешендик, биримдик жана кайрымдуулуктун айы" деген ураан алдында өлкөнүн 9,5 миң махалласында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ооз ачарлар уюштурулду.

Көрсөтүлгөн жардам жарандардын адамдык кадыр-баркын бекемдөөгө жана коомдун ынтымагын чыңдоого өбөлгө түзүп жаткандыгы айтылат.

Иш-чаранын соңунда Куран окулуп, Өзбекстандын жана жалпы дүйнөнүн тынчтыгы, гүлдөп-өнүгүүсү үчүн дубалар кылынды.

Ооз ачар аземдерине өлкө боюнча улуу муундун, илим жана маданият ишмерлери, ар кайсы диний конфессиялардын өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана аз камсыз болгон жарандар – жалпысынан 60 миңдей адам катышты.