Ташкент, 03.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент облусундагы Бостанлык районунун бийик тоолуу Тепер айылындагы №50 мектепте 1-класстын окуучуларынын алиппени аяктагандыгына байланыштуу "Сабаттуулук" майрамы болуп өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ушул мектептин кыргыз-тили жана адабияты мугалими Данакан Мадбаева билдирди.
Анын айтымында, бул иш-чара мектеп окуучуларынын өмүрүндөгү эске калаарлык окуялардан бири болуп саналат жана жаш муундун инсан катары калыптанышында чоң өбөлгө болот.
"Биринчи класста 3 бала гана окуп жатканына карабай, бул майрамда мектептин жалпы жамааты, ата-энелер катышты. Окуучуларыбыз эне тил жөнүндө, мекен, энелерге, мугалимдерге арнап адабий окуулар айтышты. Кыргыз, өзбек, тажик тилиндеги ыр жана бийлерди аткарышып, иш-чарада жылуу маанай жаратышты", - деди ал.
Бул мектеп 2010-жылы жергиликтүү калк жана мугалимдердин эмгеги менен ашар жолу менен курулган. Теке-Жаңгак айылындагы 46-мектептен бөлүнүп чыккан жана 2015-жылы 80 балага болжолдонгон мамлекеттик программа негизинде жаңы заманбап мектеп курулган. Учурда мектепте 120 окуучу билим алат.
"Биздин мектеп тоолу жерде жайгашканына карабай мугалимдерибиз жетиштүү билимге жана тажрыйбага ээ. 2023-2024-окуу жылында 7 окуучу мектепти аяктады алардын төртөөсү жогорку окуу жайларга өтүп ийгиликтүү окуп жатышат", - деп кошумчалады мугалим.
"Тепер" айылында 88 түтүн, 900 гө жакын адам отурукташкан. Айылдагы кыргыз, казак, өзбек, тажик улутттарынын өкүлдөрүнүн балдары да ушул мектепте кыргыз тилинде окушат.
Айылдын калкы, негизинен чарбачылык жана кол өрөрчүлүк менен алектенишет. Ар бир улуттун өкүлдөрү өз урп-адаттары, каада-салттарын сактап калган. Бири-бирине өз маданиятын, кол өнөрчүлүгүн үйрөтүп, ынтымакта жашап келишет.