Өзбекстанда жыйналган унаалар Кыргызстандын базарына чыкты

Борбор Азия Загрузка... 07 Апрель 2025 10:29
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ADM Global компаниясы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 07.04.25. /Кабар/. Өзбекстандын ADM Jizzakh заводунда жыйналган алгачкы Kia Sonet кроссоверлери Бишкекке жөнөтүлдү, деп билдирди ADM Global компаниясынын басма сөз кызматы.

Кыргызстандагы расмий дилерге алгачкы партиянын ичинде Luxe жана Prestige үлгүсүндөгү унаалар жеткирилди.

"Kia Sonet’тин экспорттолушу бул унаага Борбор Азияда кызыгуу артып жатканын көрсөтүп турат. Кыргызстан менен болгон кызматташтык Sonet’тин сатылышын арттырып, жалпы аймакта Kia брендинин ордун бекемдейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, бул унаалардын жыйналуусу 2024-жылдын мартында башталган. Июлда 1 миң Sonet чыгарылып, жарым жыл ичинде өндүрүш 10 эсеге көбөйгөн.