Ташкент, 25.01.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын Сенаты жолдордогу тартипти жакшыртууга жана жол эрежесин бузгандарга жазаны катаалдаштырууга багытталган жаңы мыйзамды жактырды, деп билдирди парламенттин жогорку палатасынын басма сөз кызматы.
Негизги жаңылыктардын бири - мас абалында унааны кайра башкаргандар үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөйтүү. Эми бул үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир укуктан ажыратуу, ошондой эле эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазасы берилет.
Айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндө да көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Эми экзамендерди тапшыруу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тартибин бузгандар да кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Мындан тышкары, мыйзамда кысылган жаратылыш газы, суюлтулган мунай газы жана отундун башка түрлөрү менен жүргөн транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн да кылмыш жоопкерчилиги белгиленген.
Олуттуу өзгөртүүлөр Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске да таасирин тийгизди. Эми жол эрежесин бузгандар үчүн айып упайлары киргизилип, эгерде айдоочу белгиленген сандагы айып упайларын топтосо, алты айдан кем эмес мөөнөткө айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн.
Агрессивдүү айдоо (курч маневр, дрейтинг, шахматтык тактайча айдоо), ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды пайда кылган жолдо тоскоолдуктарды жараткандыгы үчүн да өзүнчө жазалар киргизилүүдө.
Адистердин айтымында, көрүлүп жаткан чаралар жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган, бирок баллдык система иш жүзүндө кандай ишке ашары жана укук коргоо органдары жаңы стандарттарды канчалык эффективдүү колдоно алаары белгисиз бойдон калууда. Бирок, мас абалында унаа айдагандарга катуу жаза киргизүү жана баллдык системаны колдонуу жол кырсыктарынын санын азайтууга жана калк арасында айдоо маданиятын жогорулатууга жардам берет.
Мыйзам Сенат тарабынан жактырылып, президентке кол коюуга жөнөтүлдү.
Эске сала кетсек, 2024-жылы Өзбекстанда расмий маалымат боюнча 9364 жол кырсыгы катталып, кырсыктан 2203 адам каза болуп, дагы 8901 жаран жабыркаган.