Өзбекстанда жеке адамдарга көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынат

Борбор Азия Загрузка... 24 Январь 2025
IMG-20250124-WA0024.jpg

Ташкент, 24.01.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Мындан ары Өзбекстанда көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчү юридикалык жактар гана аукциондо сатып ала алышат. Бул тууралуу күн мурун президент Шавкат Мирзиёев өткөргөн ипотекалык программаны талкуулоого арналган жыйында айтылды, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Мындай чечим жеке адамдар тарабынан мурда алынган көптөгөн жер тилкелеринде курулуш иштери дагы эле баштала электигине байланыштуу кабыл алынган. Негизги максат - бул тармакка ишенимдүү девелоперлерди тартуу.
Эскроу системасын ишке киргизүү девелоперлерге төмөнкү пайызда 1 миллиард долларга чейин жүгүртүү капиталын тартуу мүмкүнчүлүгүн берет. Каржылоо жана курулуш кошо жүргүзүлүп, жарандар ипотекалык насыяларды жана субсидияларды курулуштун баштапкы этабында эле ала алышат. Зарыл болсо, мүлктү долбоордун соңуна чейин сатууга болот.

Мындан тышкары, ишенимдүү девелоперлер дагы кошумча артыкчылыкка ээ болот. Атап айтканда, турак жайдын 50 пайызы курулаары менен жарандар насыялардан жана субсидиялардан пайдалана алышат. Бул эреже жеңилдетилген жана коммерциялык ипотекалык кредиттерге да тиешелүү.

Ошондой эле курулуш компаниялары жер салыгын төлөөдөн куруп жаткан мезгилге, бирок 12 айдан ашпаган мөөнөткө бошотулат. Объект өз убагында берилбеген учурда салык эки эселенген өлчөмдө алынат.
Эскерте кетсек, былтыр Өзбекстанда 40 миллион чарчы метрден ашык имараттар жана курулуштар, анын ичинде 100 миңден ашык батирлүү 2 миңден жогору көп кабаттуу үйлөр курулган.