Ташкент, 01.02.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 27-январдан-31 январга чейин Өзбекстанда укук коргоо кызматкерлери «Тазалоо-Антитеррор» деп аталган масштабдуу операция жүргүздү. Булу тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул операциянын негизги максаты - кылмыштуулук менен күрөшүү жана коопсуздукту камсыздоо болуп саналат. Натыйжада буга чейин оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелген 418 адам кармалган жана алардын үстүнөн кылмыш иштери козголгон.
Расмий маалыматтар боюнча, кылмыш ишинин алкагында дагы 169 адам камакка алынып, 42 кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулган. Дагы 399 адам административдик жоопкерчиликке тартылып, анын 270и камакка алынган. Мындан тышкары күч органдары издөөдө жүргөн 109 адамды кармашкан.
Операциянын жүрүшүндө олуттуу көлөмдөгү курал-жарактарды жана тыюу салынган заттар колго алынган. Атап айтканда, 80 даана ок атуучу куралдын ок-дарысы, 30 килограмм баңги заты, 4,5 миң даана күчтүү таасир этүүчү таблеткалар табылган. Ошондой эле 186 бычак, 22 чабуу таягы жана 17 кастет конфискацияланган.
«Тазалоо-Антитеррор» операциясы улантылып, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо максатында мындан ары да ушундай иш-чаралар өткөрүлө бериши айтылууда.