Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлердин кирешесин декларациялоо боюнча мыйзам иштелип чыгат

Борбор Азия Загрузка... 06 Март 2025 16:58
720_460_95_4087597031.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 06.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик кызматкерлердин кирешесин декларациялоо боюнча мыйзамды кабыл алуунун мезгили келди. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев күнмурун коррупциянын алдын алуу боюнча кеңейтилген жыйында билдирди, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Жооптуу адамдарга мыйзам долбоорун үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин коомдук талкууга алып чыгуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле мыйзамга жосунсуз, адал эмес жол менен баюу үчүн жоопкерчилик беренесин киргизүү сунушталды. Мамлекеттик кызматкерлер декларацияда көрсөтүлгөн кирешесине туура келбеген мүлктүн келип чыгышын түшүндүрүүгө тийиш.

Президент Улуттук кеңешти жана Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттерин эл аралык стандарттарга жооп берген сунуштарды иштеп чыгууга чакырды. «Коррупцияга каршы күрөш профессионал жана ишке берилген кадрларды тандоодон, ошондой эле «чынчылдыктын вакцинасынан» башталат», - деди Мирзиёев.

Өлкөнүн башчысы ошондой эле кадрларды баалоодо эскирген мүнөздөмөлөрдөн («объективка»лардан) баш тартууну, мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана жетишкендиктерин объективдүү баалоо үчүн IT системаларын киргизүүнү, эл менен түздөн-түз иштеген жана анын көйгөйлөрүн чечкен жаштардын арасынан башкаруучу кадрларды тандоону тапшырды.

Президент мамлекеттик органдарга кызматка алууда ачык-айкын жол-жоболорду киргизүү, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин реестрин түзүү жана алардын коррупцияга ыкташы боюнча талдоо жүргүзүүнү белгиледи.

Мирзиёев ошондой эле мыйзамдарда коррупциялык кылмыштардын так тизмеси жок экендигине көңүл бурду. Парламент кабыл алган мыйзам негизинен жазаны күчөтөт, бирок алдын алуу чараларын, жарандарды коррупцияга чыдамсыздык рухуна тарбиялоону жана кылмыштын бетин ачуу үчүн сыйлык берүү системасын камтыбайт. Президент мыйзамды кайра карап чыгууга жөнөтөрүн билдирди.

Мындан тышкары, ал акчаны адалдоо үчүн жоопкерчиликти эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү зарылдыгын белгиледи. Маселен, Швейцария, Австрия, Германия, Россия жана Азербайжанда мамлекеттик сатып алуулар жана ири бизнес-долбоорлор тууралуу инсайдердик маалыматтын ачыкка чыгышы арам акчаны адалдоо катары каралат.