Өзбекстанда кош бойлуу аялдарды жумуштан бошотууга тыюу салынат

Борбор Азия Загрузка... 27 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-27 at 10.18.10.jpeg
copyright icon WWW

Ташкент, 27.01.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда кош бойлуу же жаш балдары бар аялдарды жумуштан кетирүүгө тыюу салынат. Бул Олий Мажлис Сенаты тарабынан жактырылган Өзбекстандын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамда каралган.

Жаңы мыйзамда акы төлөнбөгөн өргүүнүн узактыгы, ошондой эле кызматкердин орточо эмгек акысын эсептөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилген.

Мындан тышкары, “Билим берүү” мыйзамына ылайык, кызматкерлер кечки же сырттан окуу бөлүмдөрүндө билим ала турган окуу жайларынын түрлөрү такталат.

Ошондой эле жумушка орношууда паспорт, ID карта, эмгек китепчеси талап кылынбайт. Мамлекеттик органдар жана уюмдар бул маалыматты ведомстволор аралык интеграциялык платформалар, анын ичинде электрондук системалар аркылуу сурай алышат.

Сенаторлор мыйзам долбоорун жактырышып, президентке бекитүүгө жөнөтүштү.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасы Эмгек кодексине баланын төрөлүшү менен байланыштуу, орточо эмгек акысын сактоо менен эркектерге да кошумча өргүү берүүнү караган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштап жаткандыгы айтылууда.