Өзбекстанда үй-бүлөлүк саякат күнү белгиленет

Борбор Азия Загрузка... 10 Апрель 2025 12:24
photo_10_7.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 10.04.25. /Кабар/. Өзбекстанда ички туризмди өнүктүрүү иштери улантылат, соңку жылдары бул багытта саякатчылардын саны кыйла өстү. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев кечээ өткөн жыйында белгиледи, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, оң өсүшкө карабастан, көптөгөн үй-бүлөлөр азыркыга чейин Самарканд, Бухара, Хива жана Шахрисабз сыяктуу негизги туристтик багыттарга барып көрүшкөн эмес.

"Ушуга байланыштуу, ар айдын бир ишемби жана жекшемби күндөрү “үй-бүлө жана эмгек жамааты менен саякат күнү" деп жарыялоо чечими кабыл алынды", деп жарыялады Шавкат Мирзиёев.

Жаштарды шыктандыруу максатында атайын дем берүү системасы ишке кириши, атап айтканда түрдүү мелдештердин жеңүүчүлөрүнө "Өзбекстан боюнча саякат" аттуу туристтик жолдомолор берилиши айтылды.

Ички туризмди өнүктүрүүгө мамлекеттин бюджетинен жыл сайын 20 млрд сум (болжол менен 1,6 млн доллар) каражат бөлүнөт.

Мындан тышкары, тиешелүү органдарга өлкөдө экстремалдык туризмди өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2017-жылы өлкө ичинде болжол менен 5 млн жаран саякаттаган болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 23 миллионго жетти.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап “Өзбекстан боюнча саякатта!” программасынын алкагында өлкө ичинде саякаттаган жарандарга жол жүрүүгө кеткен чыгымдардын бир бөлүгү кешбэк түрүндө кайтарылып берилет.