Ташкент, 05.05.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын өкмөтү 1-майдан тарта электромобилдерди утилизиациялык төлөмдөрүн көтөрүүнү бекитти.
Документке ылайык, ал унаанын чыгарылган жылына жараша 45тен 78,5 млн сумга (3,5 - 6 миң доллар) чейин болот.
Мындай чечимдин максаты «жашыл» технологияларды колдонууну кеңейтүү, экологияга олуттуу зыян келтирбестен пайдаланылган электр унаасынын аккумуляторлорун коопсуз утилдештирүүнү камсыз кылуу жана бул чөйрөдө локализацияны тездетүү, экендиги айтылат.
Ошондой эле 2030-жылдын 1-январына чейин Өзбекстанда чыгарылган электромобилдер утилизация жыйымдардан, ал эми алардын тетиктери, чийки заты жана кызмат көрсөтүү үчүн тетиктери бажы төлөмдөрүнөн бошотулган.
Өткөн жайда BYD Uzbekistan заводу Жиззак облусунда Chazor жана Song Plus унааларын чыгара баштаган.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын аягына карата Өзбекстанга электр жана гибриддик унаалардын импорту биринчи жолу салттуу бензин унааларынын импортунан ашып кеткен.