Өзбекстанда чек арадан өтүүгө электрондук кезек киргизилет

Борбор Азия Загрузка... 05 Февраль 2025 15:36
1.jpg
copyright icon WWW

Ташкент, 04.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта Өзбекстанда жеке адамдар чек араны кесип өтүүдө Fast-track кызматын көрсөтүү тартиби киргизилет. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди.

Кызматтан пайдалануу үчүн жарандар, же юридикалык жактын өкүлдөрү Бажы комитетинин расмий сайты, же электрондук төлөм системалары аркылуу, ошондой эле өткөрүү пунктунан өтүүдө оозеки түрдө суроо-талапты алдын ала тапшырышы керек.

Жарандар, алардын жүктөрү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө атайын бөлүнгөн жайларда кезексиз текшерилет. Ошондой эле, кезекти кабыл алууда айдоочунун өлкөдөн сыртка чыгуусуна тиешелүү болгон чектөөлөр да текшерилет.

Кызматтын баасы кезекти алган күнү 18 жашка толгон ар бир адам үчүн негизги эсептик көрсөткүчтүн (НЭК) 15 пайызын (4 доллардан көбүрөөк) түзөт.