Ташкент, 29.01.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда Coinpay жана Binance биргелешкен платформасы иштей баштады. Бул тууралуу күн мурун Coinpay жергиликтүү крипто алмашуу бюросунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Өзбекстандын Келечектүү долбоорлор боюнча улуттук агенттигинин катышуусунда ишке ашырылган. Бул платформа Өзбекстандын укуктук системасына интеграцияланган өлкөдөгү биринчи кызмат көрсөтүү экендиги айтылууда.
Колдонуучулар был платформа аркылуу банктык карталар жана жергиликтүү төлөм системалары аркылуу улуттук валютадагы акча каражаттарын сала алышат жана чыгара алышат. Бүтүмдөр сайттагы расмий шилтеме аркылуу гана жүргүзүлүшү керек жана үчүнчү тараптын P2P платформаларын же башка кызматтарды колдонуу мыйзам бузуу болуп саналат жана укуктук жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.
Компания ошондой эле крипто-активдер менен болгон транзакциялар алардын туруксуздугунан улам чоң тобокелчиликти туудурарын баса белгилеп, колдонуучуларга санариптик активдер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн изилдеп, алар менен иштешүүнү баштоодон мурун потенциалдуу финансылык тобокелдиктерди эске алууну сунуштады.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстанда жарандар жана юридикалык жактар крипто активдерди сатып алуу, сатуу жана алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзө алышат.