Өзбекстанда бажы төлөмдөрүнүн айрым ставкалары төмөндөтүлдү

Борбор Азия Загрузка... 04 Февраль 2025 11:58
photo_04.jpg
copyright icon Өзбекстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Ташкент, 04.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине жана талаптарына шайкеш келтирүүнүн алкагында айрым бажы төлөмдөрүнүн ставкаларын төмөндөтүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Бажы комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү бажы органдарынын аракеттерине байланышкан чыгымдардын болжолдуу наркынын негизинде аныкталат. Мындан тышкары, “экспорттук” жана “импорттук” бажы режимдеринде товарларды тариздөө үчүн алынуучу жыйымдардын ставкалары шайкеш келтирилди.

Бажы органдарынын иш убактысынан тышкары жол-жоболоштуруу үчүн бажы алымдарынын өлчөмү 8 эсеге – 2 негизги эсептик бирдиктин (58 долларга жакын) БЭКтүн 25 пайызына (7 доллардан ашык) чейин төмөндөтүлгөн.

Бажы аймагынын чегинде жана андан тышкары бажылык кайра иштетүү режимдеринде алынуучу жыйымдын ставкасы эки эсеге төмөндөтүлдү. Алдын ала декларацияны түзүүдө жыйымдын 20 пайызына жеңилдик берилет.

Бажы транзиттик режими үчүн БЭКтүн 25 пайызы өлчөмүндө алым белгиленет.

Эл аралык курьердик ташуулар үчүн 1 кг жүк үчүн БЭКтүн 2 пайыз (0,5 доллардан ашык) өлчөмүндө жыйым киргизилет. Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө бир календардык квартал ичинде жарандар үчүн 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү курьердик посылкаларды алымсыз импорттоо стандарты бар.

Төлөмдөрдүн жаңы тарифтери ишкерлерге 50 миллиондон көбүрөөк доллар үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.