Өзбекстанда чиновниктердин кылмыштарынан улам келтирилген зыян 278 млн доллардан ашты

Борбор Азия Загрузка... 28 Январь 2025
b_28.jpeg
copyright icon WWW

Ташкент, 28.01.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2024-жылы Өзбекстанда 4900дөн ашуун мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартылган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкүм чыгарылган кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иштеринин саны 3821ди түзүп, 2023-жылга (3412) салыштырмалуу 12%га көп.

Соттолгондордун ичинен 71и (2023-жылы 49, +44,9%) республикалык, 410у (267, +53,6%) облустук, 4425и (3259, +35,8%) министрликтердин, ведомстволор жана уюмдардын райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн кызматкерлери.

Кызмат адамдары мүлктү ыйгарып алуу жана ысырап кылуу жолу менен уурдоо, пара алуу, пара берүү, пара алууда ортомчулук, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык, шалаакылык, кызмат абалынан жана кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу жана башка кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.

Кызматтык кылмыштардын натыйжасында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга келтирилген зыян 2,3 эсеге - 1,55 триллиондон 3,61 триллион сумга (278,5 миллион долларга жакын) өскөн.

Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө 2,343 триллион сум (1,31 триллион) чогултулган. Мындан тышкары, компенсацияланган зыяндын үлүшү 65%ды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу (84,7%) бир топ аз.