Өзбекстанда 100 үй-бүлөгө 58 унаа туура келет

Борбор Азия Загрузка... 28 Март 2025 11:55
0-1696846549-avto11-post-material.jpeg
copyright icon www

Ташкент, 28.03.25. /Кабар/. 2024-жылы Өзбекстанда ар 100 үй-бүлөгө орто эсеп менен 58 жеңил авто унаа туура келди. Бул маалымат Улуттук статистика комитети жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Бул көрсөткүч өлкөдөгү автомобилдештирүү деңгээлинин туруктуу өсүү тенденциясын тастыктайт, деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бул көрсөткүч 2010-жылы 21 унааны, 2015-жылы – 42, 2020-жылы 49 унааны түзгөн.

Расмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда 10 миллиондон ашык үй-бүлө бар.