Ташкент, 03.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өткөн жумада Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатында Парламенттер аралык союздун 150-ассамблеясын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү, деп билдирет өзбек парламентинин жогорку палатасынын маалымат кызматы.
Иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сунушу менен, 2025-жылдын 5-9-апрелинде Самарканд шаарында өтөт. Ассамблеянын негизги урааны “Социалдык өнүгүү жана адилеттүүлүк үчүн парламенттик кыймыл” деп аталат.
Эскерте кетсек, ПАС 1889 жылы негизделген, учурда дүйнөнүн 180 парламентин бириктирет, Ассамблея анын жогорку органы болуп саналат. Мындай иш-чара Борбор Азияда алгачкы жолу өтүп жаткандыгы айтылууда.