Ташкент, 16.04.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Тажикстан 2030-жылга чейин эки тараптуу товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга чейин көбөйтүүнү максат кылышууда. Бул тууралуу Хива шаарында өткөн соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында белгилүү болду, деп маалымдайт Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги (UZA).
Жолугушууга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода катышты.
Жыйында негизги көңүл соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө бурулду. Белгиленгендей, соңку беш жыл ичинде эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүсү эки эсе көбөйүп, биргелешкен ишканалардын саны 300дөн ашкан.
Жогоруда коюлган максатка жетүү үчүн өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, айыл чарба жана суу ресурстары тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу каралууда. Ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты жандандыруу пландалууда.
Жыйын соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталган расмий билдирүүгө кол коюшту.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү 700 млн доллардан ашкан.