Бишкек, 26.01.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Кыргызстандын лидерлеринин бейформал жолугушуусу болду. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин администрациясы маалымдады.
«25-январда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өлкөбүзгө иш сапары менен келди. Ташкент облусундагы «Амирсой» курорттук комплексинде Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Лидерлер эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле эл аралык саясат жана аймактык кызматташтык боюнча пикир алышты.
Кыргызстандын президенти жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген туристтик лыжа комплексинин түзүлгөн шарттарына жана заманбап инфраструктурасына жогорку баасын берди.
Өзбекстан менен Кыргызстандын уникалдуу геоландшафттарын жана жаратылышынын ар түрдүүлүгүн эске алуу менен курорттук-рекреациялык борборлорду түзүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишилди»,-деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы "Амирсой" тоо лыжа базасынын шарттары менен таанышып келгенин билдирген.