Өзбекстан мамлекеттик чек араларда унаалар үчүн электрондук кезек киргизет

Борбор Азия Загрузка... 28 Январь 2025
photo_28.jpg
copyright icon WWW

Ташкент, 28.01.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2025-жылдын 1-июнунан тарта Өзбекстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарына электрондук кезек системасы киргизилет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин өлкөнүн транспорттук-логистикалык системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү токтомунда каралган, деп жазат «Народное слово» гезити.

Токтомго ылайык, Өзбекстандын транспорттук-логистикалык системасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы жана аны ишке ашыруунун жол картасы бекитилди.

Атап айтканда, документте:
- автомобиль, темир жол жана аба транспорту менен эл аралык жүк ташуулардын жалпы көлөмүн кеминде 2 эсеге көбөйтүү;
- транспорттук-логистикалык кызматтардын экспортун эки эсеге көбөйтүү;
- контейнерлер менен жүктөрдү ташуу үлүшүн кеминде 1,5 эсеге көбөйтүү;
- Өзбекстандын Дүйнөлүк банктын логистикалык натыйжалуулугунун индексинде (LPI) 55-орундан төмөн эмес абалын жакшыртуу милдеттери колган.

Эл аралык жүк ташууларды уюштурууда транспорттук жана экспедициялык кызмат көрсөтүүлөргө КНС нөлдүк ставка боюнча колдонулат.

Эл аралык автомобиль транспорту союзу менен биргеликте эл аралык автотранспорт тармагында кадрларды даярдоо жана алардын жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Регионалдык окуу борбору түзүлөт.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун боюнда тейлөө объекттери («Тейлөө аймагы» жана «Тейлөө пункту») түзүлөт.