Ташкент, 24.01.25. /Төлөнбай Курбанов - Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы Евразия өнүктүрүү банкына (ЕӨБ) кирүү боюнча мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды, деп билдирди палатанын басма сөз кызматы.
"Каралган мыйзам долбоору дагы бир олутту эл аралык каржы уюмуна мүчө болуу үчүн укуктук негиз түзүүгө жана бул түзүмдүн мүмкүнчүлүктөрүн улуттук экономиканы мындан ары өнүктүрүү үчүн пайдаланууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам Сенат тарабынан жактырылып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, былтыр декабрда Шавкат Мирзиёев Санкт-Петербургдда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЕАЭК) жыйынында республика 2025-жылдын башында ЕӨБга кирүүсүн айкындаган эле.
Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 2006-жылы Россия менен Казакстан тарабынан түзүлгөн. Кийинки жылдары банкка Армения, Тажикстан, Беларусь жана Кыргызстан кошулган.