Өзбекстан чет өлкөлүк инвесторлор менен ишканаларды түзүүнү жөнөкөйлөтүүдө

Борбор Азия Загрузка... 27 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-27 at 10.12.52.jpeg
copyright icon WWW

Ташкент, 27.01.24. /Төлөнбай Курбанов - Кабар/. Өзбекстанда чет өлкөлүктөрдүн катышуусу менен ишканаларды түзүү үчүн мындан ары 10 пайыз чет элдик инвестиция талап кылынат. Бул Сенаттын кезектеги жыйынында жактырылган «Инвестициялар жана инвестициялык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамда бекитилген, деп билдирет Өзбекстандын парламентинин жогорку палатасынын басма сөз кызматы.

Жаңы мыйзамга ылайык жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор инвестициялык сунуштарды “бирдиктүү терезе” тутуму аркылуу бере алышат, бул болсо жаңы ишкана түзүү жараянын бир кыйла жөнөкөйлөтөт.

Ошондой эле мыйзам инвестициянын көлөмүнө жараша чакан, орто, ири жана стратегиялык инвестициялык долбоорлорду шыктандырат. Бул өлкөнүн экономикасына капиталдын тартылышына түрткү болуп, жаңы иш баштаган инвесторлорду да, жана ири инвесторлорду да колдоону көздөйт.

Документ инвестициялар, анын ичинде тике инвестициялар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелерин жөнгө салат жана ыңгайлуу инвестициялык шарттарды түзүүгө багытталган. Анын негизги максаттарына жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана кепилдиктерин, айрыкча бизнес жүргүзүү жана каражаттарды башкаруу эркиндигин камсыз кылуу, бизнес үчүн ачык-айкын чөйрөнү калыптантыруу жана өнүктүрүү кирет.

Серепчилердин пикиринде, бул мыйзамдын кабыл алынышы Өзбекстандын эл аралык бизнес коомчулугу үчүн кызыгууну арттырууга жана өлкөнүн дүйнөлүк инвестиция мейкиндигиндеги ордун бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.