Жол, жарык жана байланыш: Зардалынын инфраструктурасы түп тамырынан өзгөрдү

Аймак 1166 30 Март 2026 11:35
658160140_1481808679979249_2537344938678072889_n.jpg
656971835_1481808716645912_2834080148869514914_n.jpg
657186543_1481808783312572_7026024400143263162_n.jpg
657035547_1481808706645913_654537132095752815_n.jpg
Алдыга
Артка
658160140_1481808679979249_2537344938678072889_n.jpg
656971835_1481808716645912_2834080148869514914_n.jpg
657186543_1481808783312572_7026024400143263162_n.jpg
657035547_1481808706645913_654537132095752815_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Зардалыга кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Мамыржан Рахимов айылдын социалдык жана инфраструктуралык абалы менен таанышып, Президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен курулуп жаткан кичи футбол аянтчасын көрүп чыкты.

Эске салсак, 2024-жылдын 29-сентябрында мамлекет башчысы Зардалы айылына барып, тургундар менен жолугушууда айылга электр жарыгын, уюлдук байланышты жеткирүү, жол жана көпүрө куруу маселелерин колдоого алып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берген.

Ага ылайык, айылга электр жарыгы берилди. "Мега" компаниясы аркылуу мобилдук байланыш жана интернет жетти. Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы автожолу пайдаланууга берилди. Жаңыдан курулган жол эскисинен 26 чакырымга кыскарды. Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулуп, унаа каттамы камсыздалды.

Белгилей кетсек, Зардалы айылы Баткен районунун борборунан 110 чакырым алыстыкта, тоо арасында жайгашкан. 2024-жылга чейин элеттиктер электр жарыгысыз, байланышсыз жашап, жол азабын тартып келишкен.