ЮНЕСКОнун башкы кеңсесинде эл аралык музыкалык аспаптардын көргөзмөсү өттү

Коом Загрузка... 18 Июнь 2025 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. 13-июнда Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында эл аралык музыкалык аспаптар көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара көрүнүктүү казак композитору жана дирижёру Нургиса Тлендиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналат. Бул юбилей ЮНЕСКОнун тарыхый маанидеги мааракелердин тизмесине киргизилген. Иш-чара Казакстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу делегациясы, Түрк маданияты жана мурасы фондунун активдүү колдоосу менен уюштурулган.

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова өз сөзүндө Нургиса Тлендиевдин казактын гана эмес, бүтүндөй түрк элдик музыка салтынын эл аралык аренада өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын баса белгиледи.

Ал ошондой эле көргөзмөнүн жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын жана анын түрк дүйнөсүнүн музыкалык мурасын сактоо жана жайылтуудагы зор салымын жогору баалады.

Көргөзмө концерттик программа менен коштолду.