Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. ЮНЕСКО Кыргызстандагы жер астында жана суу алдында калган байыркы шаарлардын калдыктарын изилдөөгө окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү жана археологдорду жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда айтылды.
Жолугушууда тараптар тарыхый, маданий жана жаратылыш мурастарын сактоо, байыркы шаарларды изилдөө жана геопарктарды өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле ЮНЕСКО кийинки жылы өтө турган "Бишкек+25" II Глобалдык тоо саммитин уюштурууга колдоо көрсөтүүгө жана "Креативдүү шаар" долбоору боюнча Кыргызстан менен биргелешип иш алып барууга даяр экенин билдирди.
Марлен Маматалиев Кыргызстан тарыхый жана маданий мурастарды сактоо багытында ЮНЕСКО менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле тоо экосистемаларын сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн алдын алуу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.