Ысык-Көлгө туристтердин агымы өстү: Эки күндө 128 миңден ашуун унаа кирди

Туризм Загрузка... 04 Август 2025 17:07
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Өткөн аптанын жума жана ишемби күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагына болжолдуу түрдө 110 миңден ашуун унаа кирген. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

WhatsApp Image 2025-08-04 at 15.50.24 (4).jpeg

Ал эми жекшемби күнү кайра эле ошол унаалар Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу аркылуу шаарды көздөй кирип келишкен.

ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулунун айтымында, буга чейинки дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагына кирген унаалардын саны 128 миңден ашкан.

“Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла жогору. 2024-жылдын ушул мезгилинде облуска кирген унаалардын саны 80 миңден ашкан эмес. Ал эми быйыл туристтердин да, жеке унаалар менен келүүчүлөрдүн да саны бир топ көбөйдү. Жайкы туристтик сезон башталгандан бери Ысык-Көл тарапка барган унаалардын агымы 100 миңден түшө элек. Бул көрсөткүч облуста туризмдин өнүгүп жаткандыгын айгинелейт”,-деди ал.

WhatsApp Image 2025-08-04 at 15.50.24 (1).jpeg

Кыргызстандын ички жана сырткы туризми жыл санап жанданып, элдин эс алуу маданияты өзгөрүп жатканы байкалууда. Мурда эс алуу десе, көпчүлүк чет өлкөлөргө чыгууга умтулса, азыр кыргызстандыктар өз өлкөсүндөгү кооз аймактарга, өзгөчө Ысык-Көл сыяктуу жаратылышы бай жана инфраструктурасы өнүгүп жаткан жерлерге үй-бүлөсү менен барууну тандап жатышат.

Муну менен катар бул экономикалык туруктуулуктун, калктын кирешесинин өсүшүнүн жана жашоо деңгээлинин жогорулашынын белгиси. Эл азыр бош убактысын натыйжалуу өткөрүүнү каалап, сапаттуу эс алууга көбүрөөк маани берип калды. Эс алуу маданияты жогорку деңгээлге жетип, эл алдын ала пландап, маданий иш-чараларга активдүү катышып, билет сатып алып, үй-бүлөсү, достору менен саякатташууда.

WhatsApp Image 2025-08-04 at 15.50.24 (3).jpeg

Мындан тышкары, өлкөнүн аймактарында, өзгөчө жайкы сезондо Ысык-Көлдө өткөрүлүп жаткан ири маданий жана спорттук иш-чаралар, эл аралык фестивалдар, концерттер, көргөзмөлөр, спорт мелдештери да туризмди активдештирип жатат. “Рух Санат”, “Мейкин Азия”, “Салбуурун” сыяктуу эл аралык деңгээлдеги маданий фестивалдар аркылуу Кыргызстан өзүнүн маданий жана руханий байлыгын дүйнөгө таанытып, ички жана сырткы туристтердин кызыгуусун арттырууда.

WhatsApp Image 2025-08-04 at 15.50.24 (2).jpeg

Ошондой эле элдин маданий иш-чараларга катышуу маданияты да өзгөрүп жатканы байкалат. Бүгүнкү күндө жарандар ар кандай фестивалдарга, концерттерге, активдүү катышууда. Ысык-Көлдүн жээгинде кандай гана маданий иш-чара болбосун элдин көптүгүн жана алардын кызыгуусун көрүүгө болот.

WhatsApp Image 2025-08-04 at 15.50.23.jpeg

Бирок, “Медалдын эки тарабы бар” дегендей, унаалардын агымынын көп болушу менен унаа жолдорунда унаа тыгыны да пайда болуп жатат.

Байказы Айтикул уулу белгилегендей, унаалардын агымынын көптүгүнөн улам жол тыгындары айрыкча Бишкек-Балыкчы жана Бишкек-Нарын-Торугарт багыттарында көп болууда.

“Айдоочулардын бир бөлүгү жолдордо жүрүп жаткан оңдоо иштерин эске албай, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп жатышат. Алар каршы тилкеге чыгуу, жол жээгине түшүп айдоо сыяктуу эрежелерди сактабай жатышат. Натыйжада бул аракеттер жасалма жол тыгындарын жаратууда. Биз мындай учурлар көп катталган тилкелерге кошумча кызматкерлерди жөнөтүп жатабыз. Патрулдук автоунаалар жана мобилдүү көзөмөлдөө топтору иштеп жатат. Максатыбыз жол кыймылын ырааттуу жөнгө салуу жана коопсуздукту камсыз кылуу”,- деп белгиледи Байказы Айтикул уулу.

WhatsApp Image 2025-08-04 at 15.50.24 (5).jpeg

Ал ошондой эле жол унаа кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында профилактилак түшүндүрүү иш-чаралары жана үгүт-насааат иштери жүргүзүлүп турарын кошумчалады.

“Мындан сырткары, айдоо маданиятын жогорулатуу максатында коомдук транспортторду айдаган айдоочуларга дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Анткени, алар тарабынан дагы одоно, жоосунсуз мыйзам бузуулар катталып жатат. Ичиндеги жүргүнчүлөрү менен баратып, уюлдук телефонго алаксып, чылым чегип айдаган айдоочулар дагы тилекке каршы бар. Баарыңарга маалым болгондой, жайкы туристтик сезондогу коопсуздукту дагы да күчөтүү максатында борбор калаанын Кайгуул кызматынын кызматкерлерин дагы этап-этабы менен иш сапарга жиберип жатабыз. Алар жол кырсыктарын алдын алуу боюнча, эл көп чогулган жерде, пансионаттарда, ооруканаларда коопсуздукту камсыздап жатышат. Кечкисин рейддик иш-чараларды дагы жүргүзүп жатышат”,-деди ал.