Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында О. Эсенканов атындагы 150 орундуу мектептин жаңы окуу корпусу ачылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектеп Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объектинин катарына кирет. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 87,9 млн сомду түздү.
Долбоор боюнча имарат өткөөл галерея аркылуу бириктирилген төрт блоктон турат. Корпуста окуу кабинеттеринен тышкары китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган.
Курулуш иштери 2024-жылы башталган.