Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. 3-майда Ысык-Көлдүн жээгинде «ТУРИЗМ 2030: Борбор Азия — бирдиктүү туристтик мейкиндик» аттуу ири туризм форуму өтөт.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, форумга Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Азербайжан жана Бириккен Араб Эмираттарынан спикерлер жана делегациялар келери күтүлүүдө. Ошондой эле БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун (UNWTO) Европа жана Борбор Азия боюнча директору Кордула Войлмутер (Mrs. Cordula Wohlmuther) катышарын тастыктады.
Иш-чаранын программасында туризм тармагындагы заманбап багыттар, ошондой эле туристтик стартаптарды өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Форум TourismFest фестивалынын алкагында өтөт. Ошол эле күнү, 3-майда, ипподромдо туристтик жарманке уюштурулат. Жарманкеге туристтик ишканалар, кол өнөрчүлөр жана региондук өндүрүүчүлөр катышмакчы.