Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Аймак 19 август 2026 11:15
Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 20-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, суу ташкыны болушу мүмкүн.