Ысык-Көлдүн Тоң районунун 90 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Аймак 14 09 Август 2026 11:00
769403709_1365468572433028_2813184556212446769_n (1).jpg
769222318_3382851775221685_8270113041702582328_n.jpg
769189852_1365468705766348_7802510530519032709_n.jpg
768662754_1365468639099688_7540040615143575395_n.jpg
768347700_1365468482433037_1182125359277241091_n.jpg
768888394_1365468775766341_1654622642647232605_n.jpg
770701344_1365468492433036_4414350635865219274_n.jpg
768667787_1365468802433005_4487282134813085756_n.jpg
768054237_1365468889099663_5061460840749453575_n.jpg
770669523_1365468359099716_2648563459812534999_n.jpg
769000268_1365468842433001_6499891457414856749_n.jpg
770823208_1365468755766343_6983990927155459924_n.jpg
768586560_1365468859099666_620135391216753117_n.jpg
768941464_1365468815766337_9134423348390899908_n.jpg
770111328_1365468689099683_1842531806781611880_n.jpg
770363560_1365468615766357_7413145360030857269_n.jpg
770976462_1365468425766376_7864543556886305263_n.jpg
768398895_1365468369099715_2326632739668165530_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 09.08.26. /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көл облусунун Тоң районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Парламенттен билдиришкендей, салтанаттуу иш-чаранын алкагында конокторго Тоң районунун тарыхын, жаратылышын, бүгүнкү жетишкендиктерин жана келечектеги өнүгүү багыттарын камтыган атайын тасма тартууланды.

Ошондой эле район тарыхына арналган театрлаштырылган программа көрсөтүлүп, анда Тоң жергесинин басып өткөн жолу, элинин каада-салты, маданий мурасы жана тарыхый инсандары тууралуу көрсөтүлдү.

Маарекеге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев катышып, өз сөзүндө Тоң району кыргыз элинин руханий дүйнөсүнө, маданиятына жана мамлекеттүүлүгүнө зор салым кошкон залкар инсандарды тарбиялап чыгарган куттуу аймак экенин белгиледи. Тагыраагы Тоң өрөөнүнөн чыккан Тыныбек, Деңизбай, Саякбай, Мамбет, Каба сыяктуу залкар манасчылар “Манас” эпосун сактап, кийинки муундарга жеткирүүгө зор салымын кошконун мисал кылды.

Ошондой эле төрага Тоң жергесинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, адабият, маданият, искусство жана спорт өкүлдөрүнүн эмгегине жогору баасын берди.

"Тоң – тарыхы терең, руханий мурасы бай, улуу инсандарды тарбиялап өстүргөн касиеттүү жер. Бул жерден чыккан залкарлардын эмгеги жалпы кыргыз элинин сыймыгы. Алардын өмүр жолу жана калтырган мурасы кийинки муундар үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ", — деди Марлен Маматалиев.

Муну менен катар төрага бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында аймактарды өнүктүрүүгө, айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга, социалдык объектилерди жаңылоого жана элдин жашоо сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.

Тоң районунун 90 жылдык маарекесине арналган салтанат Жогорку Кеңештин депутаты, аталган округдун депутаты Болот Сагынаевдин колдоосу менен уюштурулду. Маарекелик иш-чарага депутаттар Камила Талиева, Максат Алымбеков, Мирлан Жээнчороев, Табылды Муратбеков, Адилет Белеков, Уланбек Жаанбаев, Жаныбек Аматов, Рахат Жунушбаева, Эрулан Кокулов, Азизбек Абдуллаев, жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, райондун тургундары, ардактуу коноктор жана коомчулук өкүлдөрү катышты.