Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда салынып жаткан жолдордун сапатын текшерүү иштери уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Министрликке караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы жолдордун асфальт-бетон жабындысынан үлгүлөрдү алышты.
Үлгүлөр атайын лабораторияга жөнөтүлүп, асфальт-бетондун физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү текшерилет. Ошондой эле анын курулуш ченемдерине, мамлекеттик стандарттарга жана техникалык регламенттерге шайкештиги аныкталат.