Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азияда алгачкы жолу суу-мотор спорту боюнча F1H2O ("Формула-1" суудагы жарышы) боюнча дүйнө чемпионатынын этабы өтөт.
Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатовдун айтымында, мелдешти өткөрүүгө бардык инфраструктура толук даяр. Эки айдын ичинде 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан эл аралык иш-чаралар аянтчасы курулуп, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдешти өткөрүү үчүн зарыл болгон техникалык шарттар түзүлгөн.
"Бул Кыргызстан, Ысык-Көл жана жалпы Борбор Азия үчүн тарыхый окуя. Суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионаты биздин аймакта биринчи жолу өтүп жатат. Мелдешке 20га жакын эл аралык команда жана дүйнөнүн мыкты пилоттору катышары күтүлүүдө. Ошондой эле 30дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү келип, жалпы коноктордун саны 25 миңге чейин жетиши мүмкүн. Көрүүчүлөрдүн кызыгуусу жогору болгондуктан, уюштуруучулар орундардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн да карап жатышат", - деди ал.
Кубатов белгилегендей, мелдешти өткөрүүдө экологиялык талаптарга өзгөчө көңүл бурулат. Жарыш башталганга чейин жана аяктагандан кийин абанын, суунун жана жээк тилкесинин абалы боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы ачык жарыяланат.
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр 2-августта өтө турган финалдык жарыштардын жыйынтыгында аныкталат.