Ысык-Көлдө куткаруучулар эс алуучуларга коопсуздук чараларын эскертүүдө

Аймак 04 Август 2026 12:20
763861414_1748304452988792_2007899042913332125_n.jpg
764661395_1748304486322122_567857747377007693_n.jpg
765917249_1748304519655452_3187199224047700181_n.jpg
Алдыга
Артка
763861414_1748304452988792_2007899042913332125_n.jpg
764661395_1748304486322122_567857747377007693_n.jpg
765917249_1748304519655452_3187199224047700181_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Каракол шаарында эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында суудагы коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Каракол шаардык мэриясы жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Пристань-Пржевальск аймагындагы муниципалдык пляжда жарандарга сууда жүрүм-турум эрежелерин түшүндүрүп, коопсуздук чараларын сактоого чакырууда.

Көл жээгинде эскертүүчү баннерлер орнотулуп, үн күчөткүч аркылуу маалыматтар берилип жатат. Ошондой эле эс алуучуларга суу коопсуздугу боюнча маалымат камтылган буклеттер таратылууда.

Адистер жарандарды сууга түшүүдө этият болууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда.