Бишкек, 21.05.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы курорттук курулуш объектилеринде техникалык коопсуздук сакталбаганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл районунун Бостери айылында "Имарат Резорт", "Унаа Резорт" салып жаткан эс алуу жайларынын курулушуна жана Чолпон-Ата шаарындагы "Белладжо" эс алуу жайын салып жаткан "Ребут" ЖЧКсына курулуш объектисинде эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Натыйжада курулуштагы коопсуздугу боюнча нормативдик документтердин талаптарын так аткарбагандыгы жана курулуш жүрүп жаткан аянтка чоочун адамдарды киргизгендиги үчүн жалпы 600 миң сом айып салынды.