Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чоң-Кызыл-Суу капчыгайында Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген жаштардын катышуусунда Борбор Азиянын “Климат – Жаштар – Тоолор” аймактык жаштар жайкы лагери өтүп жатат.
Иш-чара Тянь-Шань эл аралык илимий борборунун базасында ЕККУ, ФАОнун колдоосу менен уюштурулуп, жаштардын климаттын өзгөрүшү, тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган.
Лагердин расмий ачылышы президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, КР УИАнын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору Рысбек Сатылкановдун, ошондой эле ЕККУ жана ФАОнун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Динара Кемелова өз сөзүндө тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин аймактык деңгээлде ишке ашырылышы, ошондой эле Кыргызстандын өнөктөштөрдүн колдоосу менен глобалдык климаттык процесстердин алкагында тоо күн тартибин илгерилетүүдөгү жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
Лагердин программасы теорияны талаа практикалары менен айкалыштырат. Катышуучулар Чоң-Кызыл-Суу бийик тоолуу станциясында метеорологиялык жана гидрологиялык байкоолорду жүргүзүшөт, аймакты суу менен камсыз кылуудагы мөңгүлөрдүн ролун изилдешет, климаттык маалыматтарды чогултуу үчүн мөңгүгө экспедициялык саякатка чыгышат, ошондой эле ФАОнун өкүлдөрү менен бирге айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча сессияга катышышат.
Жайкы лагердин жыйынтыгы боюнча анын катышуучулары эл аралык климаттык жана тоо демилгелери үчүн, анын ичинде COP31 жана “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине сунуштарды камтыган биргелешкен сунуштамаларды даярдоону пландаштырууда.