Ысык-Көлдө “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун биринчи этабында жолдорду салуу иштери башталды

Туризм Загрузка... 23 Июнь 2025 13:15
ea13ff7e-2454-420a-aa9e-0e5c230d0f97.jpg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун биринчи этабында жолдорду салуу иштери башталды. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик мекемесинин директорунун курулуш боюнча орун басары Аскат Чолпонбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, долбоорго ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Каракол шаарынан Жыргалаң айылына чейин 65 чакырым жолду оңдоп-түзөө каралган.

“Каракол шаарынан Зындан айылына чейин 14 чакырымга созулган шагыл жолду асфальттоо иштерин министрлик бүтүрүп бермей болду. Быйылкы жылдын аягына чейин 7,5 чакырым жолду асфальттоо иштери бүткөрүлөт. Курортко бара турган жолдор эки тилкелүү болот. Төрт тилкелүү кылып алмаштыруу жагы каралып жатат, бирок бул так маалымат эмес. Учурда долбоорлоо иштери жүрүүдө. Аймактагы жолдор талаптарга жооп берсе, жол төрт тилкелүү болушу мүмкүн”, - деди Аскат Чолпонбаев.

Мындан тышкары, ал кошумчалагандай, Энергетика министрлиги курорттогу курулуш иштерди баштоого электр энергиясын жеткирди. Көмөк чордондорду куруу боюнча изилдөө иштери уланууда. Ал эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте суу топтоочу жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу боюнча иштер жасалып жатат.