Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз берилген жайыт жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө Түп районунда 57 га жайыт жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Облустук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 158 млн 138 миң сомдук 57 га жер тилке мамлекетке кайтарылды.
Прокуратура органдары мыйзамсыз берилип кеткен мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча иш-аракеттерди күчөтүлгөн тартипте улантууда.