Ысык-Көлдө 200дөн ашуун үйдү селден коргой турган канал курулууда

Аймак 19 10 Август 2026 08:50
769051886_1465067345665987_4372601515494121110_n.jpg
769144637_1465067522332636_7725650037656570525_n.jpg
769175800_1465067475665974_6499879344805708554_n.jpg
769182865_1465067425665979_5131483673334663773_n.jpg
769222605_1465067462332642_1460233581878607262_n.jpg
769317956_1465067405665981_3364207532981486423_n.jpg
770242254_1465067532332635_6019487962205430340_n.jpg
772109654_1465067342332654_447392947721386469_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМ

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Темир жана Кашат айылдарындагы селден коргоо курулуштарынын жүрүшү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Темир айылында узундугу 2 миң 40 метр болгон Арчалуу сел өткөрүүчү канал курулууда. Анын нугуна 11 ички көпүрө курулат. Долбоор аяктаганда 200дөн ашуун турак үй, ички чарбалык жолдор жана Бишкек–Каракол унаа жолунун 600 метрлик тилкеси селден корголот.

Кашат айылында Чоң-Ак-Суу дарыясынын 1 миң метрлик бөлүгүнүн оң жана сол жээктери таш менен бекемделүүдө. Натыйжада турак үйлөр, 5 гектар айдоо аянты, конок үйлөр, эки ишкана, мөмө-дарактар жана Бишкек – Каракол жолунун 200 метрлик тилкеси суу ташкынынан корголот.